Испанияда 11 миңден ашуун адам бирге түштөнүп, рекорд коюшту



"Испаниядагы көчөдө дасторкон жаюу салты катышуучулардын санынын көптүгү боюнча мурунку рекордду артка калтырды. Өлкөнүн түндүк тарабында өтүүчү бул саамалык быйыл 25-жолу уюштурулуп жатат", - деп жазышат бүгүн, 20-апрелде чет элдик маалымат каражаттары.
Маалыматта жазылгандай, массалык түрдө ачык асман алдында түштөнүү 10-апрелде уюштурулуп, 45 мүнөткө созулган. Көчөдө уюштурулган түшкү тамактанууга катышкандардын саны 11 миң 836 кишиге жетти. Уюштуруучулар "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлдөрүнө кайрылып, рекордду расмий түрдө каттатууну көздөөдө.
Буга чейинки рекорд 9 миң 500 киши катышкан Мексикадагы асман алдында, таза абада уюштурулган тамактануу болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Супер Инфо силерге жазгам бирок жооп жок?Кичине сураштырып койсонор болмок?