Бишкекте "Fuckup nights" кечесинде жеке ишкерлер ийгиликсиз окуялары менен бөлүшүштү








20-апрелде Бишкекте "Fuckup nights" кечеси өттү. Анда өлкөбүздөгү жеке ишкерлер өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө туш болгон ийгиликсиз окуялары тууралуу айтып, көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти.
Бул кеченин уюштуруучулары Данияр Эмилов жана Мирсулжан Намазалы иш-чаранын максаты жергебизде жеке ишмердүүлүккө аттангандарга каражат жоготуу коркунучтуу эместигин көрсөтүү менен, бизнес баштоого түрткү берүү экенин айтышты. "Иштин жүрүшпөй калышы ишмердүүлүктүн аягы эмес" дешет уюштуруучулар. Алардын айтымында, мындай кечелер дүйнө жүзү боюнча 70 өлкөдө өткөрүлүп турат.
Көрүүчүлөргө ийгиликсиз окуяларын жеке ишкерлер Борис Глобус, Эркинбек Жаманбаев, Дарика Асылбашева, Каниет Осмонкулов, Денис Гайворонский жана бийчи Атай Өмүрзаков айтып беришти.
Борис Глобус Кыргыз өлкөсү тууралуу алгач эч нерсе билбегенин айтып, жергебиз бизнес үчүн эң ыңгайлуу экенин белгиледи.
"Бизнести өнөктөш менен баштай турган болсоңор, алгач аны менен коштошуп жатканыңарды элестетип алыңыз. Ага бийлик, байлык берип сынап көрүңүз. Аны менен ачык сүйлөшүңүз", - деген кеңештерин берип кетти.
Дарика Асылбашева Атай Өмүрзаков алгач 2008-жылы ага келгенде аны менен иштешүүдөн баш тартканын, ага карабай, бийчинин шагы сынбай, эл аралык сынактарда жеңишке жеткени ал үчүн чоң эргүү болгонун айтты.
"Экөөбүздүн таанышыбыз Атайды мени менен иштешүүгө жибериптир. Анда Атайды өзүм өткөрүп жаткан тойго чакыргам. Анын бийи эч кимди, мени да таң калтырган эмес. Андыктан мен иштешүүдөн баш тарткам. Буга карабастан ал жолун улантып, эл аралык сынактарга катышып, ийгиликтерди багынтты. Анын тырышчаактыгы, идеялары мага, менин командама эргүү берди. Кийин "Я танцор" фестивалын өткөрүү үчүн кайрылды. Атай ага болгон каражатын жумшады. 2010-жылдагы окуялардан кийин чет өлкөлүк бийчилер фестивалга келүүдөн баш тартып жатышты. Атай аларды көндүрдү. Фестиваль укмуштуудай өттү, биз күткөндөн да көп адам келди. Бирок бир дагы фестиваль өзүн актаган жок. Азыр Атай дагы фестиваль өткөрөм десе, мен бекер уюштурууга даярмын", - деди Дарика Асылбашева.
Атай Өмүрзаков ийгиликтин сыры өзүнө ишенүүдө, кыялдарында экенин айтты:
"Мен кичинекей кезимден бери өзүмдү чоң сахнада бийлегенимди, көрүүчүлөр мага кол чапканын, камералар тартканын элестеткем. Чехиядагы жеңишим менин кыялымдын аткарылышы экенин ошол маалда сахнада турганда билдим. Тоскоолдуктарга карабай, бир нерсенин ишке ашарына ишениш керек, эң негизгиси өзүңө ишенүү керек. Ийгиликсиздик, тескерисинче, ийгиликке жетелейт".
Ал эми Каниет Осмонкулов ар бир ишти башка бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн баштаарын, өзүн эң ийгиликсиз адам катары эсептей турганын айтканы менен, анын сахнадагы эркиндиги, позитиви көрүүчүлөргө күлкү тартуулады.
Кеченин дагы бир катышуучусу Эркин Жаманбаев бизнесин инвесторлордун каражаты менен баштап, 2 жыл бою иштеп, акыры 700 миң доллар чыгаша болгонун айтып, ишти баштоодо эң жөнөкөй болгон элдин маданияты жана менталитетине көңүл буруу керектигин белгиледи:
"Бизде эң мыкты бизнес-план, стратегия бар болчу. Аларды жалгыз эмес, чет элдик консультанттар менен түзгөнбүз. 1 жылдан кийин туура эмес багытта бара жатканыбызды түшүндүм. Инвесторлорго айта баштадым, алардын кызматкерлери келип баарын текшерсе да, катабыз чыкпай койду. Биз калкка идеалдуу кызмат көрсөткөнбүз. Көрсө, биз элдин менталитетин, маданиятын эске албаптырбыз. Баалардын кымбаттыгы, мекемедеги абал эл үчүн башкача болуптур. Анда биз кызматыбызды жөнөкөйлөтүп, бааларын да арзандаттык, күтүлгөндөй адамдар көп келген жок. Ошондо бизнести токтотууга мажбур болдук", - деди Эркин Жаманбаев.
Денис Гайворонский азыркы кызмат ордуна 2011-жылы келгенин айтып, улуттук валютабыз КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң туруктуу валюта экенин айтып, кыргыз элинде тууганчылдык бекем орундаганына токтолду.
"Бул ордума келгенде ишканадагы бири-бирине тууган болгон кызматкерлерди араң 2 жылда "тазаладым". 12 адамдан турган команданы түзүүгө 4 жыл кетти. Биз ишканабызды кеңейтүү максатында Орусияга, Казакстанга дүкөндөрдү ачканбыз. Бирок ошол маалда рубль курсу төмөндөп кеткен. Ошондо москвалыктар "кыргыздар, силер эмне бир тортту 1100 рублдан сатып жинди болдуңарбы?" дешкен, бирок биз, кыргыздар ушунчалык намыскөй калк келет экенбиз, акырына чейин турдук. Кыргыз жергесинде Жогорку Кеңешке шайлоо өтсө сом арзандайбы дедик, бирок андай да болгон жок. Сомдун бекемдиги - калкыбыздын бекемдиги. Ошентип Орусияда чыгашага иштеп, акыры ал жакты жаптык. Бирок мен ал жакка келечекте чоң дүкөн ачам. Казактар бизге филиал ачууну сунушташты. Негизи көп эле чет элдиктер мындай сунуш менен келишет, бирок мен аларга "жок" деп гана жооп берем. Себеби мен чет өлкөдөн Кыргыздыкындай сүт, суу, аба таба албайм. Булар биздин ишкананын азыгын эң даамдуу кылат", - деди ишкер.
Иш-чаранын жыйынтыгында, катышуучулар коркунуч бул алдыга кадам таштоого жаңы мүмкүнчүлүк экенин түшүнүшкөнүн айтышты. "Мындай ийгиликсиздикти кантип жеңдиңер" деген кеченин негизги суроосуна ишкерлер жакындарынын, үй-бүлөсүнүн колдоосу менен оор абалдан чыгышарын билдиришип, көрүүчүлөргө чыгаша акчалай гана болуп туруусун каалашты.
Fuckup nights: Атай Өмүрзаков
Fuckup nights: Атай Өмүрзаков
Fuckup nights: Дарика Асылбашева





1 |