super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Өкмөттүн 2016-жылы аткарган иштери боюнча "Ата Мекен" фракциясына отчёт берип жатат

 

Бүгүн, 21-апрелде парламентте “Ата Мекен” фракциясына өкмөт 2016-жылы аткарылган иштер боюнча отчёт берип жатат. Анын жүрүшүндө вице-премьер-министр Олег Панкратов "2016-жылы өкмөттүн программасы 90 пайызга аткарылды", - деп билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө ар түрдүү сектордук жана тармактык стратегиялык документтер ишке ашырылып жатат.

“2016-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы мамлекеттик программалар 78,1 пайызга аткарылды. Калктын ишеним индекси 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 27,8 баллды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 5,8 баллга жогору болду. Ал эми пайыздык көрсөткүчү 63,9 болду”, - деди Панкратов.

Бул учурда аталган фракциянын депутаты Каныбек Иманалиев индекстер тууралуу отчёт айтпай, элдин жашоосу өзгөргөнү тууралуу маалымат берүү керек экенин экскертти.

Панкратов Жогорку Кеңеште бекитилген форматта отчёт берип жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: