super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөт: "Баткен облусунда 3 850 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлдү"

 

Бүгүн, 21-апрелде, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айылындагы Бүргөндү массивиндеги ирригациялык түйүнүнүн ачылышы болот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө Баткен облусунда жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында Бүргөндү массивиндеги 3 850 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлдү.

"Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивиндеги жаңы сугат жерин өздөштүрүү" долбоору 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашты. Долбоордун алкагында узундугу 1,56 чакырым болгон эки суу тосмосу менен дюкер, 3 чакырым болгон жабдуулары жана ички чарбалык түйүнү менен магистралдык канал курулду. Жыйынтыгында 3850 гектар сугат жери өздөштүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ирригациялык түйүндүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.04.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атка минерлер беш бармакты жеишип лентаны кесип кеткендин эртеси куну ал каналдан суу акпай калат коросунор бул болуп жургон практика.Муну показуха деп коюшат.Жанагы Жалал-Абад облустунда дагын иригациялык система ачылды деп лентасыны кескени лично президент озу келген.Андан коп отпой ал каналдарда суу кургап калган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: