Өкмөт: "Боинг кырсыгынан жабыркагандарга канча компенсация төлөнөрү белгисиз"
2017-жылдын 16-январында Боинг кырсыгынан жабыркагандарга канча суммада компенсация төлөнөрү белгисиз. Бул тууралуу 21-апрелде “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов билдирди.
Депутат Садык Шер-Нияз министрликте бул кырсыкты иликтөө кызыкчылыгы жок экенин айтты. “Учактагы жүк 36 миллион долларга бааланды. Силердин оюңар боюнча адамдын өмүрү канчага бааланат? Түрк компаниясы 600 миң доллар берди. Ошондо жүк өмүрдөн дагы баалуу экен да?” - деди депутат.
Калилов авиакырсык боюнча түзүлгөн комиссия компенсация төлөөнүн шарттары боюнча иш жүргүзүп жатканын, канча суммада төлөнөрү комиссия ишин бүткөндөн кийин билинерин айтты.
Садык Шер-Нияз: "Кандуу жүк 45 адамдын өмүрүнөн кымбат турабы?"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

