Базар-Коргондо уулангандар ооруканадан чыгарыла башташты, 24 бейтаптын абалы канааттандырарлык
Саламаттыкты сактоо министрлиги Базар-Коргондо 17-апрелде салатка ууланып ооруканага түшкөн 33 адамдын 11и ооруканадан чыгарылганын бүгүн, 21-апрелде кабарлады.
Жалал-Абад облусу боюнча координатор Маматжан Мияновдун маалыматы боюнча, стационардык дарыланууда 24 бейтап бар. Алардын 20сы чоң адамдар болсо, 4өө кичинекей балдар.
"Бардык бейтаптардын абалдары туруктуу. 11 адам ооруканадан чыгарылды. Бүгүн да бейтаптар үйлөрүнө чыгарылышат. Бардык бейтаптар дары-дармек менен камсыздалышкан", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















