super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Башка өлкөдөн келген цирк коюучулар гримдөөчү бөлмөгө жайгаштырылат" дешет цирктин кызматкерлери

 
Цирктин кызматкери Зоя Картенова.
Мыскал Мааткулова

Бишкектеги Мамлекеттик циркке караштуу конок үйүнүн жашоочулары чыгарылып жатат. Сот аткаруучулардын айтымында, алардын көпчүлүгү цирктин кызматкерлери эмес.

Жалпысынан имаратта 56 үй-бүлө бар. Алардын арасынан мыйзамсыз жашап жатат делгендерине турак жайды бошотуу тууралуу чечим чыгууда. Бүгүнкү күндө мындагы беш үй-бүлөгө батирлерди бошотуу тууралуу соттун чечими чыккан.

Алардын бири Мыскал Мааткулова, пенсионер. Мындагы батирлердин биринде жолдошу, баласы, келини жана 3 небереси менен жашайт. Айтымында, бул жерге 14 жыл мурун көчүп келишкен.

"Бизден бул жакка кирип жашоо үчүн цирктин жетекчилиги акча сураган. 2003-жылы 2000 сом көп эле акча болчу. 2000 сом берип кирдик, эшик, терезе, суу, электр зымдары такыр жок эле. Үй кароосуз калып жарактан чыгып эле калган. Биз анын баарын орноттук, мында жашагандар акча топтоп жарактан чыккан чатырын жаптырдык. Эми мажбурлап жатышат, чыкпайбыз деген жокпуз, болгону окуу жылы аяктаганча күтө турушсун деп жатабыз. Өзүм Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 13 жыл иштедим. 6 ай мурун аварияга кабылып, 2-топтогу майып болуп калдым. Азыр келиним филармонияда пол жууп иштейт", - дейт ал.

Ал эми цирктин кызматкерлери өлкөдөгү цирк кызматкерлерине түзүлгөн шарт менен башка өлкөдөгү шарттарды салыштыруу мүмкүн эмес экенин айтышат. Мындай абалда башка өлкөлөрдүн цирк коюучулары кыргыз жерине келбейт дешет алар.

"1991-жылы Советтер союзу тараганда бул имарат мамлекетке өткөрүлүп берилген. Ошондо дароо сактап кала албаган бул Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун катачылыгы. Адегенде 1965-жылы ушул конок үй курулган, 1970-жылы цирк курулган. Мунун өзү цирк кызматкерлери үчүн конок үйдүн маанилүүлүгүнөн кабар берет. Азыр бизге башка өлкөдөн келген цирк коюучулар гримдөөчү бөлмөлөргө жайгаштырылат. Биз аларды бул жакка кантип алып келебиз, орун да жок. Алматыда болуп келдик, алардын циркинин алдындагы конок үй абдан кооз экен", - дейт цирктин кызматкери Зоя Картенова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: