Өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын даярдоо үчүн Координациялык топ түзүлдү
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун даярдоо үчүн Координациялык топ түздү. Тийиштүү жарлыкка 21-апрелде кол коюлганын президенттик аппараттан билдиришти.
Аталган топ 2017-жылдын 10-июнуна чейин долбоорду даярдашы керек. Топко документти даярдоодо мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди, консультанттарды ишке тартуу укугу берилди.
Координациялык топту президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов жетектеп, курамына президенттик аппараттан Эльвира Сариева, Нурсулуу Ахметова, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер жана башкалар кирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-2

