Талантбек Батыралиев, министр: "Ооруканалардын оор абалы мага жаңылык деле эмес"
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 22-апрелде Бишкектеги ооруканаларды кыдырды. Министр Бишкек шаардык балдар ооруканасына, Медициналык консультациялык кызмат жана спорттук медицина борборуна барганын министрликтен билдиришти.
"Шаардагы ооруканалардын оор абалы мен үчүн жаңылык деле болбой калды. Дагы бир жаман көрүнүш - алардын авто токтотмого айланышы. Бейтаптын жакындары оорукана имаратына автоунаалардын ортосундагы тар коридор аркылуу кирип жатышат. Биздин өлкөдө идеалдуу тартип сакталган саламаттыкты сактоо мекемелери сейрек кездешет. Менеджмент жетишпейт. Жетекчи акча жетишсиздигин же башка себептерди айтып даттанбай, жаралган көйгөйлөрдү чечиши керек, ошол үчүн жетекчи да. Бейтап эртеңки жакшы күндү күтпөй бүгүндөн тарта сапаттуу тейлөө көрүп, ыңгайлуу шартта дарыланышы керек. Айрыкча балдар жөнүндө сөз болуп жатканда", - дейт Батыралиев.
Коомчулукта министр Батыралиевдин ишине сын-пикир көп. Буга чейин Бишкекте анын отставкасын талап кылган митингдер өткөнү да белгилүү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Анан да сапаттуу мед.жардам көрсөтүү үчүн айлык акы жетиштүү болуш керек. Дарыгер ошондо үйбүлөсүн багууну ойлонбой, акчаны каяктан кантип алам дебей дарылоо менен гана алек болот.