Бишкекте унаа сүзүп кеткен 2 баланын бирөөсү эсине келе элек



Бишкекте 21-апрелде автоунаа сүзүп кеткен 2 баланын бири эсине келе элек. Маалыматты 22-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкек шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековдун билдиришинче, балдар томографиядан өткөрүлдү. Экөөсүнүн тең мээси жабыркаган. Балдардын бири - Эрбол кечээ эсине келгенин, экинчи жабырлануучу Алимбектин абалы салыштырмалуу оор экенин айтат дарыгер. Азыркы учурда балдар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. "Дарыгерлер балдарды сакайтууга болгон күчүн жумшап жатышат. Ооруканада керектүү нерселердин баары жетиштүү", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кырсык 21-апрелде Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Балдарды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалып, күнөөсүн моюнга алды. Маалыматка таянсак, шектүү 1988-жылы туулган Бишкектин тургуну. Экспертиза аныктагандай, кармалган учурда айдоочу мас абалда болгон.

Көчөсүн асфальттап берген эле,анан ар 200 метрден лежачполиц кылып алган.Баштары жок ошонун кереги бар болсо неге асфальт жасатышат.Быйыл да дамап бергиле президенттик шайлоо болот Өзбектердин махалласин.
озбектерден биздин бийлик коркуп турат.
озбек лидерлерине жата калып бийлеп берет.