super.kg logo

Ысык-Көл облусундагы "Жыргалаң" кенинин ичинде калган 2 шахтёр табыла элек

 

«Жыргалаң» көмүр казуучу шахтасында калып калган 2 шахтёрду издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, 22-апрелде болжол менен саат 17:35 чамасында "Жыргалаң-Дөргөкөмүр" ЖЧКсы иштеп жаткан шахтада кырсык катталып, ичинде 2 шахтёр калып калган. Анда жер алдынан суу ресурсу пайда болуп шахтанын үстү түшүп жабылып калган. Шахтёрлорду издөө үчүн 200дөй адам тартылган. Кырсыкка кабылгандар Кайрат Доргоев жана Азамат Тойматов узундугу 500, тереңдиги 117 метр шахтанын ичинде калышкан.

Жер алдынан чыккан сууну сордуруу үчүн "Кумтөр" ишканасы 2 насос менен иштөөчү топту жиберип, Ысык-Көл облусундагы ӨКМнын башкармалыгынын суучулдары иш алып барууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктын келип чыгуусуна техникалык коопсуздукту сактабагандык себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
24.04.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана окунучтуу(. Терендиги 117 метр шахтанын ичинде калып кетсе.. Байкуштар десе. Табылып калышсын эми.
24.04.2017. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык каш кабактын ортосунда аман табылып калгай эле ылайым...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: