super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн сотто президенттин "сасык" деген сөзү боюнча экспертизанын жыйынтыгы угулмакчы. Сотко журналисттер киргизилген жок

 

Бүгүн, 24-апрелде Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын доо арызы боюнча соттук териштирүү өтүүдө. Анда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин "сасыган партия" деген сөз боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы угулмакчы. Судья сот отурумун жабык эшиктин артында өткөрүүнү чечти, бирок буга чейин сот ачык өтчү.

Эскерте кетсек, 27-мартта судья аталган экспертизада төмөндөгүдөй суроолор коюлсун деп чечим чыгарган:

1. 2017-жылдын 6-мартында президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурундагы кайрылуусунда доогерлер "Ата Мекен" партиясынын жана Өмүрбек Текебаевдин ар-намысына, абийирине, ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар барбы?

2. "Атамбаев, "Ата мекенден колуңду тарт!" деген лозунг көтөрүп алышыптыр митингде. Эй, биздин Ата Мекенибиз Кыргыз Республикасы. Ошол 7-апрелде курман болгон жигиттер сасыган партиялар үчүн өмүрүн берди дейсиңерби? Ата Мекенибиз үчүн берди. Эл ичинде партияларга эчак эле башка ат коюшкан, башчыңарга жараша" деген маалыматтарда доогерлер "Ата Мекен" партиясынын жана Өмүрбек Текебаевдин ар-намысына, абийирине, ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар барбы?

Экспертизаны өткөрүү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун эксперттерине, тилчи-филолог кызматкерлерине тапшырылсын. Экспертиза жүргүзүү бир айлык мөөнөттө каралсын.

Эске салсак, 6-март күнү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышкан. Анда өлкө башчы сөз сүйлөп жатып, парламенттеги айрым партияларга бир катар сындарды айткан. "Ата Мекен" партиясы Алмазбек Атамбаевдин "сасык партия", "мародёр" дегенин партияга карата айтылды деп, муну кемсинтүү жана мазактоо катары кабыл алган. Өлкө башчысынын айткан сөздөрүн төгүндөөсүн талап кылып, сотко кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: