super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргыз жеринде элдин 5 пайызы санариптик телеберүүгө кошула элек

 

Кыргыз мамлекетинде элдин 95 пайызы санариптик телеберүү менен камсыздалды. Бул тууралуу 24-апрелде парламентте 2 комитеттин кошмо жыйынында биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. 2017-жылдын май айында өлкөдө аналогдук сигнал биротоло токтотулат.

Чиновник Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 2016-жылдын 31-декабрына карата 4 миллиард долларды түзгөнүн, бул Кыргыздын ички дүң продукциясынын 57 пайызын түзөрүн белгиледи. Белгилүү болгондой, Кыргыз мамлекети карызга алып жаткан акчалардын көбү жол куруу тармагына жумшалууда. Абылгазиев акыркы жылдары жол куруу тармагы жакшырганын айтып, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун, Бишкек - "Манас" аэропорту трассасын жана башка жолдордун курулушун мисал кылды.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы, Экономикалык жана фискалдык саясат комитеттери бүгүн өкмөттүн 2016-жылкы иши жөнүндө отчётун угууда. Комитеттин отурумуна вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүк түзүмдөгү мекемелердин жетекчилери катышып жатышат. Өкмөттүн жылдык ишин буга чейин парламенттеги башкаруучу коалиция менен "Республика - Ата Журт" фракциясы "канааттандырарлык" деп тапса, "Ата Мекен" фракциясы "канааттандырарлык эмес" деп баалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.04.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар кайсы өлкөнүн элдерин айтышат баары? мен тууган, тааныштарымдын арасында көп болсо бир экиси санарипке өткөн болбосо, калганы өткөн эмес. эки жүздөй адамды айтам.
24.04.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
matilla, Бишкекте санарип жакшы тартпаган жерлер бар, булар эмнени айтып жатат тушунбойсун. 95 % санарипке кошулду деген чындыкка дал келбейт.
24.04.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичине кун бурко болсо начар тартат жамгыр кар жааса тагаларды коруп отура беребиз кайдагы 95%ти айтып жатышат булар
24.04.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карапайым элдм айткан жрк дагы эле. Депутаттар. Министирлер 95% камсыз болушту ))). Бизге жете элек. Зым чубалгылары Эми жетип батат айылдарга
24.04.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы каналдар кошулат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: