ЖЫЛНААМА, 24-АПРЕЛЬ: Мындан 3 жыл мурун коомдук ишмер жана саясат таануучу Ишенбай Абдуразаков каза болгон
Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 24-апрелде коомдук ишмер жана саясат таануучу Ишенбай Абдуразаков 77 жаш курагында каза болгон. 25-апрелде Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театрында коштошуу зыйнаты өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Ишенбай Абдуразаков 1937-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында туулган. Кыргыз Республикасынын тунгуч президентинин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген. 1971-1975-жылдары СССРдин Япониядагы элчилигинде катчы, 1975-1978-жылдары Япониянын Саппоро шаарында СССРдин консулу болуп эмгектенген.
"Кыргызстан-Япония" коомунун президенти, "Келечектин долбоору" саясий изилдөө коомдук фондунун Байкоочу кеӊешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын Көзөмөлдөө кеӊешинин төрагасы, Борбор Азиядагы Америкалык университетинин Көзөмөлдөө кеӊешинин төрагасы болгон.
Ишенбай Абдуразаков 2007-жылы Кыргыз Республикасынын "Данакер" ордени менен сыйланган.
24-апрелдин жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















