Депутаттар Бишкек-Ош трассасын элдин акчасына оңдоону сунушташты
Бишкек-Ош трассасындагы посттон алынчу 45 сомдук төлөмдү 100 сом кылуу зарыл. Бул сунушту 24-апрелде парламентте депутат Кубанычбек Нурматов айтып, топтолгон акчага трассаны оңдосо болорун билдирди. Депутат аталган трассадагы посттон жылына 50-60 миллион сом жыйналарын, тариф көтөрүлсө жылына 100-150 миллион сом түшөрүн айтат.
Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев посттон алынган акча Бишкек-Ош трассасын жаңылоого эмес, тоннелдерди кароого жумшаларын, посттон алынчу 45 сомду 100 сомго көтөрүүгө мыйзам жол бербесин белгиледи. "Жолду акча төлөнө турган кылуу үчүн Бишкек-Ош багыты боюнча кошумча жол болушу керек. Азырынча жалгыз эле жолубуз бар, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу курулуп бүтүп калса, балким, ошондо киргизсек болот. Ал эми Төө-Ашуунун тегерегиндеги жолду быйыл оңдойбуз", - деди Жусубалиев.
Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган трассадагы постто коррупциялык схемалар бар экенин, аны жоюу аракети жасаларын, жакында бул боюнча премьер-министр менен сүйлөшкөнүн айтты.
Азыркы учурда Бишкек-Ош жолундагы посттон өткөн ар бир айдоочудан 45 сомдон алынат. Акчаны "Сосновка" жана "Кара-Көл" посттору жыйнайт.
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы, Экономикалык жана фискалдык саясат комитеттери бүгүн өкмөттүн 2016-жылкы иши жөнүндө отчётун угууда. Комитеттин отурумуна вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүк түзүмдөгү мекемелердин жетекчилери катышып жатышат. Өкмөттүн жылдык ишин буга чейин парламенттеги башкаруучу коалиция менен "Республика - Ата Журт" фракциясы "канааттандырарлык" деп тапса, "Ата Мекен" фракциясы "канааттандырарлык эмес" деп баалаган.
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Бизге негизи депутаттын деле кереги жок го деп ойлой берем да
Эптеп эле элди алдаштын жолун издеп жүрүшөт
Ойлонгула депутаттар баарыбыз бир жерге барып сурак беребиз ошол кезде аттиндеп деп калбагыла