super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Боинг кырсыгына эртең 100 күн болот. 100 миллион сом дарегине жете элек

 

Дача-Су айылындагы учак кырсыгына байланыштуу элден чогулган акчанын суммасы бүгүнкү күнгө карата 101 миллион 218 миң 3 сомду түздү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына маалымдады.

"Учурда чогулган акчаны бөлүштүрүү үчүн жабырлануучулардын документтери даярдалып жатат. Бирок элден чогулган акча кайсы күнү, ар бирине канча суммадан бөлүнөрү тууралуу ӨКМнын маалыматы жок. Кырсык боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын чечиминен кийин гана берилиши мүмкүн" , - деп кошумчалады министрликтин катчылыгынан.

Арадан 100 күндөй убакыт өтсө да кырсыктын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана жабырлануучуларга элден чогулган акчаны тийиштүү кызмат бөлүштүрө элек. Мындан сырткары Түркиянын “АСТ Airlines” компаниясы которгон 600 миң АКШ доллары да бөлүштүрүлгөн эмес.

Буга чейин SUPER.KG порталы ӨКМга бир нече ирет кайрылып, бирдиктүү эсеп боюнча "Каражат толук эсепке алынып жатабы" деген суроону салганбыз. Калк тарабынан которулган каражаттын ар бир сому, тыйыны эсепке алынып жатабы, жокпу? Эсепке кимдер, канча акча которушту? Бул маалымат ачыкка чыгарылбай жатат. Бул суроо менен ӨКМ министрине жолдонгон катты ӨКМнын катчылыгы алдык дегени менен тийиштүү жоопту бере элек.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жердеги Курулуш башкармалыгынын дачалык тилкесине Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
24.04.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Уялсанар боло эл бийлеген акылсыздар! Кунуно бир миллиондон таркатсанар да бутмок экенсинер го, жабыркагандар алып кыш келгиче тамдарын бутуруп алышпайбы, же кышында ак уйго жашашабы?!
24.04.2017. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Урматтуу Супер порталын колдонуучулар жана кырсыктан жабыр тарткандар биз учун бул жыл ото оор жыл болду. Бул кырсыка ар бирибиз колубуздан келишинче жардам бердик, бирок акча болунуп берилгиче негедир сын пикир жана провакация кылып бир канча жолу митинг кылып жибердик. Менин оюмча бул нерсе туура эмес деп ойлойм, анкени чогулган акча дыкаттык менен текшерилип калыстык менен чечилиш керек себеби провакация кылганда ортодон жабыр тартпагандар дагы акча алып кетиши мумкун.
24.04.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Akshumkar,ошону точна эчкимиси айта албай атат
Садык шер- нияз суро салган жооп берелбай койду
Ачык иликто жургусо эчким эч нерсе демек эмес бар
Акчаны ушунча убакыт кармаган окмот аман эле
Болсун...
24.04.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турктор берген акчаны билбейм болуштургонду кеп да кылыша элек а эл чогулткан 100 миллиондон ашык акчаны болуп берууго чогулуш откорушуптур го..
24.04.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Билесиздер кырсык болгон куну эртеси эле акча иштеп алгысы келгендер дагы болду. Ал нерсени жакшы билесиздер.Эгер менин оюм туура эмес тушунуп калсаныздар кечирим сурайм. Бул дуйно менен кырсыктан кош айтышкан жарандарыбызды кудайым бейишин берсин, арты кайрылуу болсун. Бир тууган жана Ата-Энесинен айрылган бир туугандарыбызды конул айтам.
24.04.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Унуткула акчаларды жок жеп койгон давно эле
24.04.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Ulan2601 Эгер жеп койгон болсо кимиси жегенин мага коргозуп бербейсизби.
24.04.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ммдааа ошол акчадан кантип жеп калсак деп ойлонуп жатышат да
24.04.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жеп коюшкан акчаны качан эле))))
24.04.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчанын 50% кантип жештин айласын тапбай жатат бул окмот ошон учун убакытты создуруп жатат болуш керек жеке менин оюм.
24.04.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
100 миллион кеминде кунуно 100 мин акча иштеп жатат банкта. Канчалык коп созулса ошончо коп иштеп калышат бети жоктор.
24.04.2017. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак уйго куласа болмок самолёт,ичип жегичтерден тазаланып башкаларды шайлайт элек.Азыркы депутаттарды эч качан шайлабагыла шайлоого барбай дагы койгула.Коробуз ошондо кимди ким шайлайт экенин.
25.04.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3айдан бери болуштурбо албаса олгон экен булар
25.04.2017. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип болуп алсак деп ойлоп жатышса керекда
26.04.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жабыр тарткандарга элден чогулган акчадан сырткары да ТУРК тараптан жана ОКМОТТОН да жардам корсотулобу? бул жонундо маалымат эч жерде айтылбайт го. Же ушул 100 000 000 сом менен бутурушобу( бул акча да элден чогулган,эл чогултпай койсо кайсы акчаны беришмек анда)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: