super.kg logo
  Спорт  

Дастан Шаршеев, мушкер: “Уюштуруучулар мени көрүүчүлөрдүн алдында уят кылышты”

 

Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев 22-апрелде TNA (Total Nonstop Action Wrestling) мелдешинде орусиялык мушкер Антон Калининге утулуп калган. Анда калыстардын мындай чечимине макул болбогон спортчу рингден көпкө чейин кетпей турган. Беттештин калысы "өлкөдөн депортация кылып жиберебиз" дегенге чейин барган. Мушкер Дастан окуя тууралуу SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

- Бул мелдешке Антон Калининдин атаандашы жаракат алып калган. Аны алмаштырып, мен чыккам. Беттештин 3-раундунда орус мушкерин нокдаунга учуратканга жетиштим. Калыстар жеңишти ыйгарышкан жок. Беттешти экстра-раундга узартышты. Алардын тартып койгону даана эле байкалды.

- Мурда-кийин мелдештерде ушундай сыяктуу окуяга туш болуп көрдүң беле?

- Беттештен кийин өз талабымды айтып, рингден кеткен жокмун. Калыстар машыктыруучума да кайрылышты, ал да кетпейбиз деп турду. Ошондо калыстар күзөтчү чакырабыз деп коркутушуп, полиция чакырып депортация кылып жиберебиз деп үстөмдүк кылышты. Уюштуруучулар мени көрүүчүлөрдүн алдында уят кылышты. Ири мелдештерде буга чейин мындай окуяларга кабылып көргөн эмесмин.

- Кантип батынып, рингде ошондой сөздөрдү айта алдыӊ?

- Негизи бул спортто көптөн бери жүрөм, мындай уруштун көбүн өткөргөм. Бул ирет чынында улутчулдук болуп, экиге бөлүнүп кеттик. Андыктан акыйкаттыкты айтуудан корккон жокмун. Себеби кыргыздар күчтүү калкпыз.

Эгерде ошол учурда рингде туруп, чындыкты айтпасам, таламымды талашпасам, анда кийин мени басынтышы мүмкүн болчу. Ошон үчүн болгон күчүмдү топтоп, өз оюмду айтууну туура көрдүм.

- Спорттук карьерама чек коюлуп калбайбы деген чочулоо болдубу?

- Башка өлкөдө жүргөндөн кийин, албетте, чочулоо болду. Анан да бул окуя учурда массалык маалымат каражаттары аркылуу тарап кетти. Уруш чыгып кетпесин деп оюн бүткөндөн кийин дароо өз бөлмөмө келе бердим. Эми биз да жөн эле моюн сунуп калбайбыз. Акырына чейин күрөшөбүз, калганын көрө жатарбыз.

Негизи Кыргыз спортчулары менен өткөн оюндарда туура эмес чечим чыгарып, кимдир бирөөгө тартып койгон учурлар болот. Бирок көбүнесе айтылбай кала берчү. Мен сүйлөп жатканда элдин да, кыргыздардын да колдоп жатканын сездим. Ушундай учурда элим мени жалгыз койбосун, мен жалгыз эмес экенимди түшүндүм. Андыктан мени колдогон бардык мекендештериме тереӊ ыраазычылыгымды билдирем.

Бул окуя тууралуу мелдештин башкы калысы Василий Аптукаев орус басылмаларына буларды айткан:

"Мушкерлер бул мелдеште урушуп гана тим болбостон, үлгүлүү жүрүм-турумдарын да көргөзүшү керек. Атаандашына, күйөрмандарга жана калыстарга... Ар бир спортчу эмоциясын башкара билүүсү шарт. Антпесе мелдеш чыр-чатакка айланып кетет. Аталган кыргыз мушкери менен келечекте иштешебизби, жокпу чечиле элек".

Уруштун түрлөрү боюнча Орусия лигасынын президентинин орун басары Дмитрий Штейн:

"Бул окуяда мушкердин жүрүм-туруму менен катар калыстардын чечими суроо жаратат. Менин оюмча, уруш спортундагы калыстардын чечими көпчүлүк учурда талаш туудуруп жаткандыктан, мелдештердин башкы суроосуна айланып жатат. Албетте, нокаут же нокдаун болгон учурларды эсепке албаганда. Өзгөчө конокто өткөргөн беттештерде мушкерлер нокаут же нокдаун менен утууну башкы максат кылуусу керек. Антпесе упайлар тең болуп калганда көпчүлүк учурда үй ээсине тартып коюшат".






Кыргыз спортчусу Дастан Шаршеев калыстын чечимине нааразы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(30)
Медиа-портал
23.04.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
АЗАМАТСЫН
Медиа-портал
23.04.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Красавчик Дастан
Медиа-портал
24.04.2017. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
ХХХ Дастандын акыркы"АЛГА КЫРГЫЗСТАН" деген созун угуш учун 10 жолу кайталап кордум)))
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-24 08:48:56
Медиа-портал
24.04.2017. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ХХХ ХХХ красавчик Дастан кийинкиде покажи им
Модератор admin_media түзөттү 2017-04-24 10:23:54
Медиа-портал
24.04.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Telmanbael, коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
Медиа-портал
24.04.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азамат экенсиз!!! Ак ийилет бирок сынбайт.
25.04.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Молодец! Кыргызда Дух деген бар, кыргызда эрк бар, кучтуу калкбыз. Алга Кыргызстан.
25.04.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсыз.Чыныгы патриот байке.Сыймыктанабыз.АЛГА КЫРГЫЗСТАН!!!
25.04.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азамат экенсиз, чыныгы патриот мырза, Алга Дастан)
25.04.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сен жендин Дастан!Эн туура эле суйлодун!Азаматсын!Тиги тартып койгондор бир аз уялышаар бекен,бети кызарып,шумшуктор!
25.04.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргыз эли сени менен!Сен биз үчүн жеңүүчүсүң!!
25.04.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дастан ты самый лучший!
25.04.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Спорт fm де Москвада обсуждения болду,орустардын кадыр барктуу судьялары оз ойлорун билдирди.5 адамдын бироосу гана Дастан не выиграл,но не проиграл деп айтты.калган 4 киши Дастан женди дешип айтты.орустар ушинтип оз мушкерлерине жан тарта беришет.мындай коп болот.белгилуу мушкер Емельяненкого да тартып уттуруп беришти эле,Емельяненконун одно клубниги как минимум ничиья а так противник Емельяненко выиграл деген.ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-25 10:55:51
25.04.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дастан молодчик
25.04.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бойду кордум Дастан уткан экен чынында
25.04.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ал утканы Данаа корунуп тураткоо видеодо ....БИЗДИН СПОРТ МИНИСТИРЛЕРИ ПОДДЕРЖКА БЕРСЕНЕР БОЛОТ ЭЛЕГООО
25.04.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KG.Kushtarbek,Кайда подержка берет,алар жонокой елди ойлобойт только кресло ойлорунун баары.Дастан байке азаматсыз видеону коруп ойуну айттканына аябай суйундум ошончо елдин алдында.
25.04.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын биз сени менен сыймыктанабыз, аларга чоң сабак болсун. АЛГА КЫРГЫЗСТАН..!
25.04.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эркек Дастан
25.04.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодец Дастан сага окшогон балдар коп болсун Кыргызстанда.
25.04.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чынында ыйлагым келип кетти дастан красавчик сен уттун
25.04.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындык үчүн чыркыраган Дастан!Унчукпай кала бербей айтып алдың,азамат!!
25.04.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бул арстаныбыз кечээ эле инстаграмдан прямой эфирге чыгып,кыргыздар биримдиктуу эмес,коро албаган калк деп жатпады беле. Жыгылган курошко тойбойт болуп,веске тушуп жатканда ХХХ болуп жатканы эле жаман болчу. Анан дагы "не забудте с вами было Дастан" деп койгонучу. Айтор аман болуп журо берсин.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-25 14:48:56
25.04.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myrzashka95,kuigonunon aitty da Dastan.syndap ele jatyp kalbai koldosok bolboibu ?orustar jetken nacist chyndygynda.
25.04.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге биздин бийлик чет жактагы жарандарыбызды колдоп болушпайт?) Акыйкаттуу ажоо келсин да эми. Алакандай кыргызстан гулдоп жашасак болот элэ, ай аттинай аттинай.
25.04.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kanatbek81,АШАнын Путинге созу отпойт да.
25.04.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Myrzashka95,Бул жерде кандай тиешеси бар? Муну спорт министри чечет. Тоо десе кетмен деп тушунуп алган окшойсун.
26.04.2017. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Дастанкече интернете бойду жумуштагылар менен коруп Орус охраниктер да айтышты тартып койуптур дер.Чынында Биздин Дастан жененген болчу.
26.04.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Алга Кыргызстан" деген соз эле денени дуркуротот, азамат, жалпы Кыргыздар сени менен, анын ичинде Боконбайлыктар, Кун-Чыгыш айыл окмоту сени дайым колдойт, сен бир гана алдыга умтулушун керек!!!!!!!!
26.04.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жатып өлгөнчө, атып өл дейт. Абдан туура кылды Дастан.Унчукпай кетип калса, накта шермендечилик болмок.Өз укугун коргоп,тоскоолдуктарга карабай жол таап сөз сүйлөдү. Азамат, накта эрдин шер жигити экенсиң!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: