super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 25-АПРЕЛЬ: Мындан 134 жыл мурун советтик аскер башчы Семён Будённый төрөлгөн

 

Мындан 134 жыл мурун, 1883-жылы 25-апрелде советтик аскер башчы, мамлекеттик ишмер, СССРдин алгачкы маршалдарынын бири Семён Будённый азыркы Ростов облусундагы Пролетарск районуна караштуу Козюрин хуторунда төрөлгөн.

Семён Будённый Жарандык согуштун баатыры, Советтер Союзунун Маршалы (1935), 3 жолку Советтер Союзунун Баатыры (1958, 1963, 1968), 1919-жылдан тартып КПССтин мүчөсү болгон.
Ал 1903-жылы армияга кеткен. Орус-япон согушунда, Биринчи дүйнөлүк согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 4 жолу Георгий крести менен сыйланган. Улуу Октябрь революциясынан кийин Дондо Сальский округдук аткомунун мүчөлүгүнө шайланат. 1918-жылы ак гвардиячыларга каршы атчандар отрядын уюштурган. Отряд көбөйүп полкко, бригадага, анан дивизияга чейин жеткен. 1919-жылы июнда Будённыйдын командачылыгы менен атчандар корпусу түзүлүп, ноябрда 1-атчандар армиясына айланат. Бул армия Жарандык согушта Деникин, Пилсудский жана Врангелдин аскерлерин талкалоодо зор роль ойногон. 1921-1923-жылдары Революциячыл аскер советинин мүчөсү, анан Түндүк Кавказ аскер округунун командачысына орун басар, Жылкы заводдорун уюштурууда, башкарууда көп иштеп, натыйжада жылкынын жаңы породалары (Будённый жылкысы жана терек жылкысы) чыгарылган. 1923-жылдан баштап Будённый Кызыл Армиянын Башкы командачысынын атчан аскер боюнча жардамчысы, СССР революциячыл аскер кеңешинин мүчөсү болгон. 1924-1937-жылдары РККАнын атчан аскер инспектору болуп, 1932-жылы М.В.Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүтүргөн. 1937-жылдан тартып Москва аскер округунун командачысы, СССР коргоо эл комиссариатынын Башкы аскер кеңешинин мүчөсү, 1939-1940-жылдары коргоо эл комиссарынын орун басары болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Жогорку Башкы командованиенин Ставкасынын курамында, Ставканын резерв армияларынын аскер полкторунун командачысы жана бир катар фронттун командачысы, ал эми 1943-жылы январдан Советтик Армиянын атчан аскерлеринин командачысы болгон. Согуш бүткөндөн кийин 1947-1953-жылдары айыл чарба министринин жылкы чарбасы боюнча орун басары болуп эмгектенген.
Семён Будённый жети Ленин ордени, алты Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов ордени, Азербайжан ССРинин Эмгек Кызыл Туу, Өзбек ССРинин Эмгек Кызыл Туу ордени, МЭРдин ордендери, Кызыл Туу ордендүү аскердик алтын курал, Кызыл Туу ордендүү революциялык ардактуу тапанча, СССРдин герби түшүрүлгөн ардактуу курал-кылыч жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
25-апрелдин жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: