Каныбек Сагынбаев менен Качкынбай Нурумбетов бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңилүүгө аргасыз болушту
Ханты-Мансийскте бильярддын ыкчам пирамида түрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда бильярдчыларыбыз Каныбек Сагынбаев менен Качкынбай Нурумбетов 1/16 финалдан ары өтө алышкан жок. К.Сагынбаев украиналык Владимир Перкунга 5:1 эсебинде 1/8 финалдын жолдомосун тарттырып жиберсе, К.Нурумбетов ушундай эле эсеп менен башка украиналык атаандашы Артур Пивченкодон жеңилүү ызасын тартты. Ушул мүнөттөрдө Азиз Мадаминов менен Камолиддин Есиддинов 1/16 финалдык беттештерин өткөрүшүүдө.
Автор: Базарбек Абдураимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.