super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өмүрбек Бабанов Орусиядан келген эмгек мигранттарын аэропорттон көпкө чейин текшергенге нааразы болду

 

“Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Орусиядан келген эмгек мигранттарын аэропорттон көпкө чейин текшергенге нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында билдирди.

Депутат Ош, Баткен облустарына барганда жарандар аталган көйгөйдү айтышканын айтты.

“Ош, Баткен облусуна иш сапарым менен барып келдим. Мага жарандар кайрылып, нааразы болуп жатышат. Орусиядан келген эмгек мигранттарын аэропорттон көпкө чейин акчасынан бери текшерип жатышыптыр. Алар ак эмгеги менен каражат тапкандар да. Сириядан келгендерди ушинтип текшеришпейби? Ош жана “Манас” аэропортунун жетекчилерин алмаштырыш керек. 5 жерге барсак, 5 жерден ушул маселени айтышууда. Мындан тышкары туристтерди өлкөгө тартыш керек деп айтабыз. Бирок башка жактан келген жарандарды көп убакытка чейин ушинтип кармасак, алар биздин мамлекет жөнүндө кандай ойдо калышат”, - деди ал.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аэропорттордо көйгөйлөр бар экенин айтты. Ошондой эле эки аэропорт тең текшерүүдөн өткөнүн билдирди. Бул маселе өкмөттүн жыйынында каралып, чара көрүлө турганын белгиледи.

Учурда аталган комитетке өкмөт 2016-жылы аткарган иштери тууралуу отчёт берип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(12)
25.04.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Оштогу аэропортто ачык эле сурашат акчаны. Эжемдин баласын доверенность менен бироо алып кетип жаткан, документтери баары туура,таза болчу. Туура эмес экен откозбойбуз дегенинен 500сом берсем макул деген бироосу. Андан ары барганда дагы 1000сом алышыптыр, ушул кылгандары Кудайга да жакпаса керек. Бербесен откозбойм деп коркутат, билеттин акчасына куйосун. Ошол алган арам акчалары тешип чыксын, жарыбай отушсун бул омурдо.
25.04.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу Бабановду сыйлайт элем азыр жок себеби шайлоодо Ташиевди кучактап эл алдында биз бириктик Камчыкемди БШК шайлоодон четтети биз буюрса шайлоодон өтсөк силердин кулунунарды 3,4 айда парламенттке алып келебиз деп айткан эле эми башка башка партияда. Эмне Бабанов ошондо Ташиевдин арты менен добуш алып келип эми сөзүнө турбадыбы?
Alixan-Nookat.2015 түзөттү 2017-04-25 12:34:47
25.04.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошто 1000 бергеним эстен кетпейт.аялым балам учообустуку рф жарандыгы эле,баламын куболугу рф деген печать керек деп жаман катыган бир жутек. Россияга келип ал справканы сурасам бербей койду атаэнеси РФ болсо печать керек эмес деп. Быйыл аялымы сумканы стречке оротпосон откозбойм деп жаман кылыптыр. Азыр коп кыргызда Рф паспорт бар,балееге калып кетесин да аеропортто озун патриот сезгендерге.Кыскасы мыйзамды тушунгондор иштебесе элди Чарчататко бул катыктар.
25.04.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
калп эле куйумуш боло берет да шайлоого камданып не иштеп жиберди бабановду колдогондор???бирине да ишенбейм баягы эле оз камын ойлогондор отурат тордо эскилер жаңы депуттар жоок бар уйротуп койду аларды да жалаң ичи чыккандар отурат бирине да ишенип болбойт жешет
25.04.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул мырзага ишенбей калды эми эл качан ХХХ ылайга тушкондо эл менен жолугат ХХХ ылайдан отсо унутуп коет
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-25 13:13:39
25.04.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Канчадан бери мигранттарды ойлоп калды президентик шайлоо жакындап эптеп элге жагыныш керек бул адам аябай куу Ташиевти пайдаланып карабай эле койдуго мигранттарга ушунчалык куйот экен заводду кыргызстанга курбайт беле ошол мигранттар кыйналбай оз мекенинде иштешмек
25.04.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жалганчы депутат текшериш керек чек араны бекемдей албаганыңардан кийин жок дегенде ошол аэропортто текшершиле ошол сен колдоп аткан [moderated] туугандар орусияда терорист делип бүт кыргыздын атын булгап атат.
25.04.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шайлоого жакын элге жагынайын деп жатат го. Мигранттар жонундо ойлогон адам болуп. Президенттикке татыктуу эмессиз.
25.04.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чубак Ажы менен Абдишукур Нарматовго Аллах ыразы болсун, россиянын ар шаарына келип акыл насааттарын айтып конулдорду которуп жатышат . Кудай кааласа Питерге да келишет экен.Бир да депутат келип антип жараандарыбыздын ал ахыбалын сурай элек. Туура айтасынар туугандар, бул жон гана предвыборной пайда озуно.
25.04.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оштогу аэропорттун кызматкердери отто корс согунуп суйлосушот,акча алыш учун ар нерсени ойлоп таба беришет.Мен барганымда бир айдан 3 саат отуп кетиптир 12мин штраф толойсун,болбосо департ басас деген по закону ошондой болсо Пожалуйста дегем эч нерсе кылбады кармап туруп откоргон эми беш жыл кирбейс деп кулкуну келтирип.
26.04.2017. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай хамалеон
26.04.2017. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Границада деле ушул гойгой.водительдерден акча сурашат ш.дар
Булардан жакшылык кутуп болбойт.казак элин карасан паспортун сыртынан карап откозуп жиберишет озунун паспорт кантрольдору.бизде болсо чонтогун андып турат.адамдын акыбалына карап кол салышат.айылдык же слабый адам болсо кенедей жабышат тооба кылдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: