Депутат: “Бишкек-Кара-Балта жолу бомба түшкөндөй. Жип менен араң өтөсүң”
“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Бишкек-Кара-Балта жолу бомба жарылгандан кийинкидей абалда экенин айтты. Бул тууралуу депутат бүгүн, 25-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында билдирди.
“Бишкек-Кара-Балта жолунда жүрүү мүмкүн эмес. Мен бул жолдон жип менен өттүм, жолдун абалы начар. Карапайым калк эски автоунаалары менен кантип өтүшөт билбейм. Транспорт жана жолдор министрлигине бул жолдон эски унаа менен өтүүнү сунуштайт элем”, - деди ал.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул жолдон өзү 3 жолу өткөнүн белгилеп, жолду куруу иши жана каражат дагы даяр экенин айтты.
Өкмөт 2016-жылы аткарган иши тууралуу аталган комитетке отчёт берүүдө.
-5

Супер-Инфо
super.kg видео

















Айтса да жаман айтпаса да жаман. Ал депутаты да биздин арабыздан чыгып атпайбы, керели кечке аларды куноолойбуз, балким мы правы, бирок элибизге да эчнерсе жакпайт...
Төө ашуудан түшүп бараткандагы жолду да айтып койсо болмок.