СУПЕРСТАН: "Мекенимди сагынганда ала келген комузумду ойноп, сагынычымды таратып алам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз жеринен алып келген баалуу буюмдарыбыз" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мекенимден келе жатканда "Кока-Коланын" бөтөлкөсүнө кымыз куя келгем. Эми ошону да таштагым келбей, бул жактагылар менен алмашып кетпесин деп капкагына белги коюп койгом. Бир жолу адашып кетип, кайсынысы эле деп эки саат отургам. Дагы башка ала келген нерселер бар, бирок бул бөтөлкө өзгөчө баалуу көрүнөт".
"Мен да келе жатканда апам блокнотума кеп-кеңештерин жазып, анан бир туугандарымдын сүрөттөрүн салып коюптур. Аны дайыма жанымда алып жүрөм".
"Капчыгымды ачкан сайын атакемдин сүрөтүн жана жүз сом акчасын көрүп жылмайып алам, мындан сырткары апакемдин башына салынган жоолугу бар".
"Москвага барганда 750 сомдун тегерегинде акчам бар болчу. "Алексеевская" метросунун жанындагы уюлдук телефон саткан дүкөндөн кулакчын алып алалы деп жолдошум экөөбүз кирип калсак, сатуучу орус бала "кайсы жактансыңар?" деп калды, "Кыргыз жеринен" десек, "аа, мен силерди корей окшойт деп ойлогом, эгерде жаныӊарда улуттук валютаңар болсо таштап кете аласыңарбы, бизде ушундай традиция бар, ар өлкөнүн валютасын топтойбуз" дейт. Карасам тажик, өзбек, япон жана башка элдердин 5, 10 сомго тете акчаларын сонун кылып столго тизип, айнек менен жаап коюшуптур. Анан кыргызымдын акчасы бийик турсун деп бели да сына элек 200 сомумду таштап кеткем".
"Жанымда курум менен баштыгым эле калыптыр, 3 жыл аралыгында. Автор айтмакчы, мекенимден алган буюмдарды көрүп калсам сүйүнүп кетем".
"Жакында эле сиңдим курут алып келди, катып койдум, канча күн турар экен, жебей чыдап карап отурам".
"Мекенимди сагынганда ала келген комузумду ойноп, сагынычымды таратып алам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

