super.kg logo

Активист: "Өлкөдө ай сайын 100 адам жол кырсыгынан каза болот"

 

"Бизге ар бир күн маанилүү, кайсы бир нерсени күтүп, унаа кырсыктарынын болушуна жол берүү мүмкүн эмес", - деди бүгүн, 25-апрелде жарандык активист Айбек Жангазиев маалымат жыйында.

Ал белгилегендей, бизде жол эрежесин бузган айдоочулар тиешелүү жоопко тартылбайт.

"Жол эрежесин бузгандарга чара көрүлбөгөндүктөн, күн сайын 3төн мекендешибизди жол кырсыгынан жоготуп жатабыз. Бир жуманын ичинде 2 баладан айрылат экенбиз, бир айда жол кырсыгынан каза болгон жарандардын саны 100гө жетет. Мындай кырдаалды жөнгө салууда кайсы бир нерсени күтүү мүмкүн эмес", - дейт ал.

"10 миллионго жакын калкы бар Швецияда акыркы жыл ичинде 1 да бала жол кырсыгынан каза болгон эмес, бир жылдын ичинде унаа кырсыктары 80 адамдын өмүрүн алган. Бизде калкыбыз алардан аз болсо да, кырсыктан каза болгондор 15 эсеге көп болуп жатат. Мындай абал көпчүлүк тургундарды майыптыкка да алып келүүдө. 6 айдын ичинде ишке ашырууга мүмкүн болгон "Коопсуз шаар" долбоору жылдан-жылга ишке ашпай келе жатат. Мамлекет өз жарандарын ойлосо бир күндү да текке кетирбеши керек", - деди активист Назира Бейшеналиева.

Активисттер жашоочуларды мамлекеттен коопсуздукту камсыздоону талап кылууга чакырды.

"Бул алардын башкы милдети. Узун кортеждер менен, жолдорду тосуп аткаминерлердин коопсуздугун камсыздоо - кадыресе көрүнүшкө айланып калды", - дешти алар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.04.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууй ата....Ай сайын 100 дон кыргыз кемийт деген эмне жакшылык?!!ХХХ чара корбойсунорбу эми!!Куболук сатканынарды токтоткула!Сатып алганды да токтоткула!Жолду ондогула!Просто канырыгын тутойт да ииий!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-25 14:46:40
25.04.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул проблеманы элге эмес жеп жуткур чиновноиктерге жеткирбейсинерби кыргыздар кырылып калатко кыргызстанда адамдын жанынан башкасын акчага сатып алсан болот экен паспорту сатса водительский праваларды дипломдор ошолордун айынан болуп жатат карупцияга комулуп буткон больницага барсан биринчи акчан барбы деп акчаны сурашат жаман карапайым элге кыйын болду
26.04.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдорго видеокамераларды орнотуш керек. Видеокамераларды орнотобуз деп демилге которуп чыккандар каякта журот ыя? Байкуш карапайым эл ушинтип эле кырылып кете береби жеп-жутарлардын айынан?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: