ЖЫЛНААМА, 25-АПРЕЛЬ: 2 жыл мурун Непалда катталган күчтүү жер титирөө 3 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган

Мындан 2 жыл мурун, 2015-жылы 25-апрелде Непал өлкөсүндө күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү болуп, каза тапкандардын саны 3200дөн ашкан. Анын очогу Катманду шаарынан түндүк-батышты карай 82 чакырым алыстыкта болгон. Жер силкинүү 26-апрелде да кайталанып, кыйроолордун саны өсүп кеткен. Жер титирөө Индия, Бангладешке да таасир берип, бул өлкөлөрдөн 60ка жакын адам каза болгон. Мындан сырткары кырсыктан улам Эверест чокусунда кар көчкү жүрүп, ал жердеги 19дан кем эмес альпинист курман болгон. Көп күнгө созулган жер силкинүүлөр алып келген зыян 10 миллиард долларга жеткен.
25-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.