super.kg logo
  Саясат  

Парламенттин комитети Батукаев боюнча депутаттык комиссияны көзөмөлдөн алды

 

Парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети кримавторитет Азиз Батукаевдин камактан бошоп, өлкөдөн чыгып кетишин иликтеген депутаттык комиссияны көзөмөлдөн алды. Чечим 25-апрелде комитеттин жыйынында кабыл алынды.

"Бул комиссиянын иши бүткөн, тийиштүү мекемелерден жооптор алынган. Ошондуктан күн тартибинен алып салсак болот", - деди комитеттин төрагасы.

Эскерте кетсек, Батукаев 2013-жылы соттун чечими менен абактан чыгарылып, Кыргыз мамлекетинен чыгып кеткен. Аны аэропортко чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кортежи коштоп барып узаткан. Окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, жыйынтыгында бир катар чиновниктерди кызматтан бошотууну сунуштаган. Бирок Батукаевди бошотууга катыштыгы бар деп аттары аталган чиновниктердин көбү жазасыз калган. Бул окуядан кийин ошол маалдагы вице-премьер Шамиль Атаханов менен акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтан бошоп, калгандарына кол тийген эмес. Айрымдары тескерисинче, кызматынан жогорулаганы айтылып жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: