super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров: "Бийлик мыйзам жолу менен алмашпайт"

 

Саясатчы Адахан Мадумаров "Үмүт ТВга" берген маегинде журналисттин таза шайлоо тууралуу суроосуна жооп берип жатып, "бийлик тынчтык жолу менен алмашпайт" деген пикирин билдирди.

"Мыйзам жолу менен Кыргызда бийлик алмашпайт, мындай мүмкүн эмес. Мыйзамдуу жол менен шайлоо өтпөйт, ачык айтыш керек.

Мыйзам бузулган жерде ошого жараша аракет жасайбыз. Эгерде бийлик мыйзамды одоно түрдө бузуп, "билгенимди жасайм" деген болсо, ага тикеден-тике кандай ыкма болсо, ошондой ыкма менен каршы чыгабыз. Эл деле менден ошону талап кылып келе жатат. Качан чечкиндүү аракет жасайсыз деп жатышат. Эмне болсо ошо болсун. Чечкиндүү аракет жасайм. Мусулманчылыкта деле арам, адилетсиз нерсе жасалып жатканын көрсөң колуң менен токтот деп айткан. Колуңдан келбесе тилиң менен токтот дейт. Биз тил менен токтотконго аракет кылдык, бирок түркөй бийликке ал таасир кылбайт экен. Эми бийлик кандай аракет жасаса, дал бийликтин аракетине жараша кадам жасайбыз, мен жеке өзүм даярмын", - деди Адахан Мадумаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: