Бишкекте ишкерлер экотехинспекциянын кызматкерлерин тоготпой жатышат





Бишкек шаарынын батыш тарабындагы Муромская жана Селекционная көчөлөрүндө жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын түбүнө мыйзамсыз салынган кызмат көрсөтүү, соода жайларынын ээлери Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын эскертүүлөрүн аткарбай жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Инспекторлордун айтымында, кафелер, унаа жуучу жайлар, соода жайлары кеминде электр чубалгылардан 4 метр алыстыкта жайгашуусу керек, бирок курулмалар электр чубалгыларынын түбүндө жайгашкан. Мындан улам авариялык кырдаал катталса, оңдоо иштерин жүргүзүүгө бир топ тоскоолдуктарды жаратат.
"Андыктан Мамэкотехинспекция жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тейлеген ишканаларга, курулуш ээлерине мыйзамсыз жайгашкан курулуштарын тез арада коргоо тилкелеринен чыгарып, куруу иштерин токтотууну эскертет. Анткени авариялык же чукул кырдаалдар катталса, жарандардын өмүрүнө да коркунуч жаралышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.



