ЖЫЛНААМА, 25-АПРЕЛЬ: 418 жыл мурун Англиянын, Ирландиянын, Шотландиянын саясатчысы Оливер Кромвель туулган

1599-жылы 25-апрелде Англиянын, Ирландиянын, Шотландиянын белгилүү саясатчысы Оливер Кромвель Англиянын Хантингдон аттуу жеринде туулган. Ал Англиядагы революциянын жетекчиси, эң кыйын делген аскер башчы жана мамлекеттик ишмер, 1643-1650-жылдары парламенттик армиянын генерал-лейтенанты, 1650-1653-жылдары лорд-генерал, 1653-1658-жылдары Англия, Шотландия жана Ирландиянын лорд-протектору болгон.
Оливер Кромвель 1658-жылы 3-сентябрда 59 жашында Лондондо көз жумган. Айрым маалыматтар боюнча, Оливер Кромвель малярия оорусунан каза болгон. Бирок көмүлгөндөн көп өтпөй кайра алынып, аны Англияга чыккынчылык кылган деп асып, денесин бир канча бөлүккө бөлүп, жазалашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-07-06
16:05
2025-07-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.