super.kg logo

Түркияда 500 кыргыз студенти жолугушту

 

21-24-апрель күндөрү Түркиянын Коня шаарында кыргыз студенттердин башын бириктирген "Ынтымак, достук жана биримдик" аттуу жолугушуу болуп өттү. Кыргыз студенттери платформасы биримдиги демилгелеп, уюштурган иш-чарага Түркиянын жер-жерлеринде окуп жаткан 500гө чукул студенттер чогулушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жолугушуунун уюштуруучуларынын бири Эрлан Баянов бүгүн, 25-апрелде кабарлады.

"Иш-чаранын ачылышында Ибрагим Жунусов студенттер менен бирге гимнди жандуу ырдады. Жолугушууга келген түркиялыктар буга таң калышты. Алар кыргыз студенттерин колдоого дайым даяр экенин билдиришти. Түркиянын студенттерди колдоо фонддору, Түркия мажлисинен депутаттар, Конянын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кыргыз студенттерди моралдык да, материалдык да колдоого алып, иш-чарага катышып, финансылык жактан толук каржылап беришти. Алардын ар бири сөз сүйлөп, Кыргыздын келечегине ишенерин, бул үчүн ар дайым жардамдарын аябастыгын билдиришти", - дейт уюштуруучу.

Жолугушууга келген конокторго атайын Кыргыздан алынып келинген белектер тартууланганы маалым болду. Студенттер келечек пландары менен бөлүшүп, саамалыктын дагы да уланышына ынтызар экендиктерин айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
25.04.2017. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң жакшы!
26.04.2017. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конянын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кыргыз студенттерди моралдык да, материалдык да колдоого алып, иш-чарага катышып, финансылык жактан толук каржылап беришти.

Башка бирөөлөрдүн финансылык колдоосу өтө кооптуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: