Бишкекте "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд жүрүүдө
Бишкекте "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
"Рейд коомдук транспорттордун катышуусундагы жол кырсыктарынын санынын өсүп жатканына жана эл ташыган унаалардын жол эрежелерин одоно бузуп жатканына байланыштуу жүрүп жатат. Бул иш-чара Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт башкармалыгы менен бирге өтүүдө. Анда коомдук транспорттун техникалык абалы катуу көзөмөлгө алынат", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.
Айта кетсек, 24-апрелде башталган рейд 28-апрелде жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
22:08
2025-07-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.