super.kg logo

Дүйнөдө эң чоң динозаврдын сөөгүнүн калдыктары табылды

 
Жаңы динозаврдын сөөктөрүнүн калдыктары
Титанозавр
Аргентинозавр
Аргентинозаврдын сөөгү

Аргентинанын Патагония аймагында динозаврдын сөөгүнүн калдыктары табылды. Окумуштуулар титанозаврдын жаңы түрүн табышканын, ал динозаврлардын эң чоңу болушу мүмкүн экенин айтышканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, калдыктарды жергиликтүү фермер таап алган. Анын сан сөөгүнүн чоңдугунан улам туурасы 40, бою 20 метрге жеткенин айтышкан палеонтологдор. Ал чөп жеген, салмагы 77 тоннадай болгон. Бул салмак азыркыга чейин эң чоң деп эсептелинген аргентинозаврдыкынан 7 тоннага көп.

Трелью шаарынын палеонтологиялык музейинин окумуштуулары жерине барган соң 7 динозаврдын жакшы сакталган 150 сөөгүн табышкан. Алар патагониялык токойлордо 95-100 миллион жыл мурун жашашкан. Жаңы динозаврга азырынча аталыш бериле элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: