Сүзүлгөн окуучулардын экинчиси да эсине келди
Эрбол Мамажакыпов

21-апрелде Бишкектеги Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде сүзүлгөн окуучулардын экинчиси Алимбек Сыранов да эсине келди. Бул туралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык медициналык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдирди.
"Балдардын экинчиси да эсине келип, бүгүнкү күндө "колуңду көтөр, бутуңду кыймылдат" деген сыяктуу биз айткан буйруктарды аткарып кубандырып жатат. Толугу менен абалы жакшы болуп калды дебейм, бирок мурункуга караганда жылыш бар. Негизинен мындай жаракаттар менен айлап комада жаткандар бар", - деди башкы дарыгер.
Ал эми окуядан жабыркагандардын биринчиси Эрбол Мамажакыповдун абалы жакшы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
4

Ата-энеси куну-туну дуа кылып суранып жаткандыр байкуштар.
Мээнетинер кайтсын эми.