super.kg logo

Депутат Акылбек Жапаров тамеки тарткан жарандардын дагы укугун коргоо керек экенин айтты

 

Бүгүн, 26-апрелде парламентте “Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров тамеки тарткан жарандардын дагы укугун коргоо керек экенин айтты.

“Тамеки тарткандар дагы биздин жарандар. Алардын укугун коргош керекпиз. Кафелердеги атайын бөлмөлөрдө тартканга уруксат берилиши зарыл. Мындай мыйзамдар иштебей, катардагы эле мыйзам болуп калышы мүмкүн”, - деди Жапаров.

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билдиргендей, Европа өлкөлөрүндө жалпы коомдук жайларда тамеки тартканга тыюу салынып жатат. Анын айтымында, кафенин атайын бөлмөлөрүндө тамеки тартууга уруксат берилсе болот. Бирок айрым депутаттар жалпы коомдук жайда тамеки тартууга тыюу салуу сунушун айтышканын билдирди.

Ал эми “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Нурлан Макеев дүйнөдөгү тамеки тартууга каршы күрөшүү тууралуу айтып, кафенин ичинде эмес, сырттан тартып келиши керек экенин айтты.

Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салганга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.04.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарт ХХХ же эшикке чыгып келип тарт тамактын устуно отуруп алып тартмак белен??Ушул ХХХ паспорт алыш керек деген..эми тамеки тартпай калышмак беле конгондор.. просто коомдук жерде тартылбасын дешти..
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-28 15:54:01
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: