ЖЫЛНААМА, 26-АПРЕЛЬ: 48 жыл мурун айкидо мектебинин негиздөөчүсү Морихэй Уэсиба көз жумган
Мындан 48 жыл мурун, 1969-жылы 26-апрелде айкидо мектебинин негиздөөчүсү Морихэй Уэсиба боорундагы рактан улам көз жумган.
Ал 1883-жылы 14-декабрда Япониядагы Танабе шаарында туулган. Бала чагында көп ооруп, эрте эле буддизмдин сингон экзотерикалык сектасын өздөштүрө баштаган. Ошондой эле синтоисттик кудайлар жөнүндө окуп чыккан. Ал физикалык көнүгүүлөрдү жасап, ден соолугун бекемдеп, дене түзүлүшүн да жакшы абалга келтирген. Мектепти аяктаган соң Токио шаарына барып, окуу куралдарын сатуучу дүкөн ачкан. Иши жылышпагандыктан кайра өзүнүн туулган жери - Танабеге кайтып келет. Ал жерден тэндзин син-йо-рю чебери Тодзава Токусабуронун күрөш искусствосу боюнча курсуна жазылат. Бир жылдан кийин ягю-синкагэ мектебинин принциптерин өздөштүргөн. 1903-жылы үйлөнүп, аскерге кызмат өтөөгө чакырылган.

Ошол эле мезгилде Аскер-деңиз академиясында, Аскер-полициялык академиясында сабак бере баштаган. Анын Омото-кё деген секта менен байланышын өкмөт колдобогондуктан, коомдук турмуштан алыстап, мектепти уулу Уэсиба Киссёмарга таштап кетет. Өзү Токионун түндүгүндө ааламды коргоп турган 42 кудайга арнап храм ачкан. Ал жерден М.Уэсиба өзү ойлоп тапкан айкидо күрөш искусствосу менен машыгууну уланткан. "Айкидо" деген аталышты күрөшүү системине 1938-жылы киргизген.
1949-жылы Япониянын билим берүү министри Морихэй Уэсибага Токиодо мектеп ачууга уруксат берген. Уэсиба көптөгөн адамдарды айкидого үйрөтүп, 1956-жылы бул спортту дүйнөгө көрсөткөн.
26-апрелге карата жылнаама.
