super.kg logo

Жогорку Кеңеште жашы жете электерге энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салуу сунушталды

 

Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңеште жашы жете электерге энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салуу сунушталды.

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Нурлан Макеев билдиргендей, “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамына, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү” мыйзам долбоору жашы жете электердин ден соолугун сактап калууга багытталган.

“Энергетикалык ичимдиктердин курамында сергитүүчү кофеин, таурин, L-карнитин, глюкуронолактан сыяктуу өзгөчө компоненттер жана ингридиенттер бар. Негизги сергитүүчү компоненттери болуп синтетикалык жол менен пайда болгон кофеин саналат. Кофеин ичүүгө бир суткада 150 миллиграмм гана жол берилет. Энергетикалык ичимдиктердин курамында 250 миллиграмм бар. Демек, ченемден ашып жатат. Мунун бардыгы өспүрүмдөрдүн ден соолугуна терс таасирин тийгизип, нерв менен жүрөк-муун тутумуна залал келтирет”, - деди ал.

Мыйзам долбоордо жашы жете электерге энергетикалык ичимдигин сатканга тыюу салынуу керектиги жазылган. Эскертүүнү эске албагандарды администрациялык жоопкерчиликке тартуу каралган. Бул мыйзам долбоор экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.04.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы сунуш
26.04.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң туура сунуш
26.04.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондорго чайханада сигарет чеккенди колдобопсунар муну да колдобой эле койгула экоо окшош да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: