super.kg logo
  Спорт  

15 айга спорттон четтетилген Мария Шарапова мельдоний чырынан кийин бүгүн алгачкы расмий оюнуна чыгат

 
Теннисчи машыгуу маалында

15 айга спорттон четтетилген Мария Шарапова мельдоний чырынан кийин бүгүн, 26-апрелде алгачкы расмий оюнуна чыгат.

Маалыматтарга ылайык, ал Германиядагы Штутгарт шаарында WTA турниринде италиялык Роберта Винчиге кез келет. Анын спорттон четтетилген мөөнөтү бүгүн аяктады. Турнир 24-апрелде башталган, биринчи айлампа 3 күнгө созулат. Мындан улам уюштуруучулар Шарапованы акыркы күнгө калтырып, рейтинги эң төмөн болгону үчүн ага "уайлд кард" беришкен. Анын бүгүнкү оюнга катышары жарыяланган соң бардык билеттер сатылып, турнирди чагылдырууну каалаган журналисттердин саны пресс-борбордо берилген орундуктардан ашып кеткен.

Белгилей кетсек, Мария Шарапова буга чейин бул турнирди 3 жолу жеңген. Теннисчиге "уайлд кард" Рим жана Мадридде өтө турчу турнирлерге да берилгени маалым болду.

"Бир кезде чемпион болгон болсоң, бир гана максат болушу мүмкүн - кайра багындырган бийиктикке кайтуу. Түшүнөм, оор болот. Мен өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмдү Штутгартта, Римде жана Мадридде да текшерем. Мен оюнду улантам, анткени өскүм келет, чемпион болгум келет", - деген өзүнүн интервьюларынын биринде Мария Шарапова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.04.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйом го Мария алга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: