super.kg logo
  Саясат  

"Сентябрь" телеканалы КТРКдан төгүндөө берүүнү талап кылууда

 

"Сентябрь" телеканалынын жетекчилиги телеканал тууралуу көрсөткөн сюжети үчүн КТРКдан төгүндөө берүүнү талап кылууда. Бишкекте 26-апрелде "Сентябрдын" башкы редактору Канышай Мамыркулова маалымат жыйын өткөрүп, КТРКнын жетекчилигин тилектештикке чакырды. "Сентябрь" КТРКны сотко бербей турганы белгилүү болду.

Буга чейин КТРКнын эфиринен "Сентябрь" тууралуу сюжет көрсөтүлгөн. Анда билим берүү багытындагы "Алиппе" телеканалынын жабдууларын "Сентябрь" тартып алганы айтылып, "Алиппенин" мурдагы кожоюну Алмазбек Абековдун комментарийи берилген.

Мамыркулова бул маалыматты четке кагып, сюжетти "Сентябрды" бир жактуу каралоо аракети катары баалады.

Белгилей кетсек, "Сентябрь" - коомчулукка оппозициялык маанайдагы телеканал катары таанымал. Ал телеканалды Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдики деген сөздөр айтылып келет. Бүгүнкү маалымат жыйынында Мамыркулова "Сентябрь" Текебаевге таандык эместигин билдирди. Телеканал кеӊсеси мурда Текебаевдин жубайына таандык болгон имаратта жайгашканын, кожоюндардын арасында Текебаев жок экенин баса белгиледи.

КТРКдан берилген сюжет менен катар бийликтин жетегинде иштеген массалык маалымат каражаттарынан "Ата Мекен" фракциясынын кызматкери Кайыргүл Урумканованы каралоо кеңири жүргүзүлүп баштады. Бул журналистти бийликчил сайттар "Кайыргүл Урумканова мурун Бакиевдин тушунда КТРКны жетектеп, анын бийлигинин арыгын чапкан. Эми Текебаевге кызмат кылып калганын кандай түшүнсө болот? Бул Текебаевдин Кипрде Бакиев менен жолукканын далилдей турган фактылардын бири эмеспи? Аталган журналисттин "Сентябрь" телеканалында көптөн бери иштеп жатканын эске алсак, Текебаев менен Бакиевдин ортосунда кандайдыр бир байланыш бар деген жыйынтык келип чыгат", - деген өңдүү макала, кабарларды жарыялай башташты.

Бийликтин маалыматтык саясатын жүргүзүп жаткан бул маалымат каражаттарынын логикасында алып караганда Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиевдин ортосунда дагы тымызын байланыш бар болуп чыгат. Мисалы, ошол эле КТРКны учурунда Бакиевдик командада кызмат кылган Илим Карыпбеков башкарып жатпайбы?






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: