super.kg logo

Кочкор районунда мугалимдер иш таштаганы үчүн мектеп директоруна сөгүш берилди

 

Кочкор районундагы Семиз-Бел айылынын мугалимдери иш таштаганы үчүн мектеп директоруна сөгүш берилди. Бул тууралуу мектептин эмгек жамааты SUPER.KG порталына бүгүн, 26-апрелде билдирди. Алардын айтымында, кечээ, 25-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин Нарын облусу боюнча куратору Гүлшан Абдылдаева мектепте жаралган абал боюнча сүйлөшүүлөргө келип, мектеп директорун жумуштан бошотулганын айткан.

"Министрликтин өкүлү жолугушууга келе калып, өзүн тааныштырбастан, мугалимдер иш таштоого укугу жок экенин, мындай кадам мыйзамсыз экенин айтып, мектептин жетекчилиги жумуштан алынганын билдирип, коркутуп-үркүтүп кирди. Мугалимдер кайсы берене боюнча иш таштоого укугубуз жок экенин сурасак, жооп бере алган жок. Бул анын Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамынан, Эмгек кодексинен түшүнүгү жок экенинен кабар берди", - деп нааразы болушууда мугалимдер.

"Ошондой эле ал "сиздердин балдарыңыздардын, үй-бүлөлүк көйгөйлөрүңөрдүн кереги жок, силер мамлекеттин балдарын окуткула" деди. Ал мектепте түзүлгөн кырдаалды чечүүнү ойлонбостон, мектептин жетекчилерин коркутканы менен корстон болуп, абалды ого бетер курчутуп кете берди", - дешти эмгек жамааты.

Семиз-Бел айылынын мектеп директору Асыл Сулайманова сөгүш ага эле эмес, андан тышкары дагы окуу-тарбия иштери жана уюштуруу иштери боюнча орун басарларына да берилгенин билдирди.

"Өткөндөгү иш таштоо 1 саат 45 мүнөткө созулган. Ал маалда үчөөбүз окуучуларды карап жаттык. министрликтин өкүлү балдардын укугу бузулганын айтып, биз жумуштан бошотуларбызды билдирди. Бирок эмгек жамаат менен райондун акими бул чечимди мурунку ишибизди эске алуу менен кароого чакырып, жыйынтыгында бизге сөгүш берилди. Мугалимдердин айлык акылары жакынкы арада чечилерин кошумчалады", - деди Асыл Сулайманова.

Ал эми мугалимдер Бишкек-Торугарт жолунун боюнда турган Семиз-Бел айылын тийиштүү тизмекке киргизүүнү, кайрадан өлкөнүн бардык айылдарын санап чыгууну суранышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.04.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстандын келечегин тузгон ушуларда
26.04.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Маяна көтөрүлсө биринчи муғалимдердикин көтөрүш керек, себеби инженерди, дарыгерди, президентти деги эле қойчу баарын муғалимдер тарбиялайт.
26.04.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келип кыйратып кетиптир куратор. Бийлик укпай жатса чыгат да анан. Коркуткандан башка колунан покда келбептирго. Мектептин жамаатына айтарым биргиликтуу болуп аягына чейин тургула. Ийгилик!
26.04.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Маяна которулду орточо айлык 14 мин деп тантышат, каяктагы мифтерди айтып болбосо 3-4 мин эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: