Саламаттыкты сактоо министри: “Атагы чыккан Кыргыз окумуштууларынын атын жамынып, тонналап дарыларды сатып жатышат”
“Атагы чыккан Кыргыз окумуштууларынын атын жамынып, тонналап дарыларды сатып жатышат”, - деди бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев.
Ал бул боюнча органдарга кайрылганын билдирип, буга тыюу салынбагынын белгиледи. Анын айтымында, мындай жолго баргандарды жоопко тартуу каралып жатат.
"Ар бир үйдө мөөнөтү өткөн 1-2 килограмм дары бар. Бул коом үчүн кадимки эле көрүнүш болуп калды. Коомдун жардамы менен мындай адаттан арылышыбыз керек. Чет өлкөлүктөр дарыгердин көзөмөлү жок бир дагы дарыны колдонушпайт", - деди ал.
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков акыркы жылдарда телеберүүлөрдө ар түрдүү дарылардын аттарын жазып, "бут оорудан, кол оорудан арылтат" деп берип жатышканын айтып, жарнамаларды көргөндөн кийин дарыгердин кереги жоктой сезилерин белгилеп, мындай маселени көзөмөлдөө зарыл экенин эскертти.
Парламентте өкмөт демилгелеген “Медициналык багыттагы буюмдар жөнүндө” жана “Дары каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралып жатат.


1 |