super.kg logo

"Супер-Инфонун" окурманы: “Кылымдар бою элге кызмат кыла бериңиздер”

 

Бүгүн, 26-апрель күнү "Супер-Инфо" гезитинин редакциясында басылманын 15 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан оюн-утуштун жеңүүчүсүнө белек тапшырылды. Жалал-Абад облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Айтунук Калмаматова: "Мен Таш-Көмүр шаарынан болом. “Супер-Инфо” гезитин окуй баштаганыма 10 жылдан ашты. Ошондуктан суроолорго жооп табуу кыйын болгон жок. Гезиттин шоу чөйрө жана кеңеш рубрикасындагы макалаларын кызыгып окуйм. Кийинки сандарга чет өлкөдө окуу жолдору тууралуу маалыматтарды жазып чыгууңуздарды суранат элем. Себеби башка мамлекетте билим алсам деген максатта учурда англис тилин үйрөнүп жатам. 15 жыл кыргыз элине кызмат кылыпсыздар, кылымдар бою кызмат кылууңуздарды каалайм!" - деди.

Урматтуу окурман, 15 жылдык мааракеге арналган оюн-утуш кызуу уланууда. Сиз дагы катышып, белек утуп алыңыз! Оюн-утушка катышуу шарттарын "Супер-Инфо" гезитинен окуй аласыз.






"Супер-Инфо" гезитинин байгесине ээ болгон окурман

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: