super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев согуштун ардагерлери менен жолугушту

 
Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен болгон жолугушуусу
Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен
Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен
Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен эстеликке сүрөткө түштү

Бүгүн, 8-майда президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушту. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, пикир алышуу учурунда өлкө башчы ардагерлерди куттуктап, алардын маселелерин чечүүнү өзү көзөмөлгө аларын билдирди. "Мен сиздерге узак өмүр каалайм. Сиздер бар биздин бактыбыз бар. Бул майрамда биз өлкөдө жамандыктарды толугу менен жеңебиз деген үмүт пайда болот”,- деди президент. Ардагерлер өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтуу менен бирге президентке ыраазычылыгын билдиришти. Сүйлөшүү учурунда ардагерлердин социалдык маселелери көтөрүлүп, ошондой эле жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо тууралуу сөз болду. Жыйынтыгында президент Алмазбек Атамбаев ардагерлерге эстеликке кол саат белекке берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: