super.kg logo

Өлкөнүн айрым аймактарына батирлерди суткалык мейманкана катары иштетүүгө уруксат берүү сунушталууда

 

Кыргыз өлкөсүндө батирлерди суткалык мейманканаларга берүүгө кайрадан уруксат берүү сунушун бүгүн, 26-апрелде депутат Алтынбек Жунус уулу айтып чыкты.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык, бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди суткалык мейманканага берүүгө тыюу салынган. Өз сөзүндө депутат өлкөнүн айрым аймактарынын тургундары чет элдик туристтерге мейманкана берип, каражат табышарын айтты.

"Караколдо 22, Чолпон-Ата, Бостери, Кумбелде 15 тургун үйлөрүн суткалык мейманканага беришет. Ал үчүн патент да алышкан", - деген депутат.

Өкмөткө туристтик аймактарды аныктап, ошол жердин тургундары үчүн батирлерди суткалык мейманкана катары колдонууга уруксат берүү сунушталды.

Караколдуктар менен бишкектиктер бир нече ирет бул мыйзамга каршы чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.04.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзам баарына бирдей Ал жердеги кадам сайын атайын курулган мейманканалар толтура батир издеген туристти корбойсун баары эле жанагындайлар Анан гезитке суткага саатына деп реклама кылганга да тыю салышса Мыйзам иштеп жатканы менен андай жарнамаларды токтотушкан жок.Туристтер да биздин мыйзамга баш ийиши керек.мейманканага каражаты жетпесе жер уйлор да толтураго.Бир адамдын бизнесин ойлобой жалпы кошунанын иынчтыгын ойлошсо дегеним
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: