super.kg logo
  Спорт  

Мария Шарапова спортко жеңиш менен кайтты

 

Орусиялык теннисчи Мария Шарапова мельдоний колдонгону үчүн спорттон 15 айга четтетилген. Кечээ, 26-апрелде анын мөөнөтү бүтөрү менен Штутгартта WTA турниринин 1-айлампасына "уайлд кард" менен катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Алгачкы расмий оюнуна ал италиялык Роберта Винчи менен туш келген. Оюн 1 саат 43 мүнөткө созулуп, 7:5, 6:3 эсебинде жеңишти орусиялык теннисчи алып кетти.

Көпчүлүк Мария Шарапованын спортко кайтышын күтүшкөн. Бул жеңиш менен ал ийгиликтүү кайтты десек болот. Эми турнирдин 2-айлампасына ал өзүнүн мекендеши Екатерина Макарова менен кез келет.

"Мен аябай кайткым келген, андыктан эмгектендим. Баары ойдогудай болгонуна кубанып жатам. Мындай тыным далыман жаракат алганда болгон. Мен ракетканы бир аз таштаганым менен, формамды кармоого аракет кылдым. Акыркы 15 жыл аралыгында инсан катары өсүүгө, үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк болду. Штутгартта көп оюн ойнойм деген үмүтүм чоң", - деген Мария Шарапова оюндан кийин.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын июнь айында Эл аралык теннис федерациясы Мария Шарапованы мельдоний колдонгону үчүн 2 жылга теннис ойноодон четтеткен. Спорт арбитраждык соту мөөнөттү 15 айга кыскарткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.04.2017. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жанылык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: