ЖЫЛНААМА, 27-АПРЕЛЬ: Үч жыл мурун ырчы Фархат Кеңешбек уулу 29 жашында жол кырсыгынан каза тапкан

Эстрада ырчысы Фархат Кеңешбек уулу мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 26-апрелден 27-апрелге караган түнү жол кырсыгынан каза болгон. Ырчы 29 жашта эле. Окуя Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айылында орун алган.
Фархат Кеңешбек уулу менен бир унаада анын бир тууган агасы жана улуу агасынын уулу бар болгон. Алардын Киа Шума унаасы каршы тилкедеги БМВ 525 унаасын сүзүп алган. Ырчынын сөөгү кичи мекени Чкалов айылына коюлган. Анын үйлөнгөнүнө 5 ай гана болгон эле.
Фархат Кеңешбек уулу 1984-жылы 2-июнда Талас районунун Чкалов айылында төрөлгөн. Чыгармачылыгын "Оштук кызга" деген ыры менен баштап, "Кайдагы сүйүү?", "Сулууга", ырчы Азиза менен "Алтын балалык", "Бактылуу сүйүү" деген дуэттерди жаздырган.
27-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

28 29 нормал эмеспи?
Мен 28 29 да деп аткам да...
Каваганкен окшойт.