super.kg logo

ESET уюлдук банктын, Facebook жана Instagram'дын сыр сөздөрүн илип кеткен троян программасын аныктады

 

ESET компьютердик коопсуздукту камсыздоочу компаниясы Google Play кызматында кооптуу программаны аныктады. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында жарыяланды. Ал трояндык программа Flashlight LED Widget чырак-тиркемесине жашырынып, уюлдук банктык жана социалдык тармактардын тиркемелеринин сыр сөздөрүн "уурдайт".

Колдонуучу аны жүктөп алып, ачкан соң программа администратордук укуктарды сурайт. Андан кийин смартфон тууралуу андагы тиркемелер, анын ээсинин сүрөтүн хакерлердин серверине жөнөтөт. Эгер смартфон Орусия, Украина же Беларуста болсо, троян программасы иштен чыгат. ESET компаниясы программанын ээлери мындай кадам менен өздөрүнүн өлкөсүндө жазык жоопкерчилигинен качуунун аракетин көрүп жатышканын болжолдошууда.

Колдонуучу кызыктырган тиркемени ачканда, экранда керектүү маалыматты киргизүүгө жасалма терезече ачылат. Фишинг терезечесине киргизилген ысым, сыр сөз жана банктык картанын маалыматтары хакерлерге жиберилет.

Программа смартфондун экранын бөгөп, жаңыланып жатканы тууралуу билдирүү чыгарып коёт. Бул функция эсептик номерден каражат уурдалып жатканда чыгышы мүмкүн. Ал кезде смартфондун ээси эч нерседен кабары жок чара көрө албай калат.

Мындай программаларды көчүрүп албоо үчүн расмий гана баракчалардан көчүрүү сунушталат. Программалардын шектүү талаптары андан баш тартууга негиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: