Санкт-Петербург шаарында Кыргыз жаранынын өз өмүрүнө кол салуусуна үй-бүлөлүк маселе себеп болгон
Санкт-Петербург шаарында Кыргыз жаранынын өз өмүрүнө кол салуусуна үй-бүлөлүк маселе себеп болгон. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине жабырлануучунун туугандары билдиришкен.
"Кечээ, 26-апрель күнү элчиликтин кызматкерлери Кыргыз жараны жаткан №26-шаардык ооруканага барып келишти. Кыргыз жаранынын абалы дале оор жана аппарат менен дем алып жатат", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Айта кетсек, окуя 23-апрель күнү Санкт-Петербург шаарынын Дунай кең көчөсүндөгү курулуш жүрүп жаткан имаратта болгон. Анда 22 жаштагы Ы.М. аттуу Кыргыз жараны асынып турган жеринен табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-1

0555
12
34
56