Премьер-министр: “2016-жылы энелердин жана ымыркайлардын өлүмү азайды”

2016-жылы энелердин жана ымыркайлардын өлүмү азайды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңешке премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн 2016-жылкы иши боюнча отчёт берүүдө.
Ымыркайлардын өлүмү 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу 8 пайызга төмөндөдү. Ал эми энелердин өлүмү болсо былтыр 2015-жылга салыштырмалуу 29,9 пайызга азайды.
Өкмөт башчы билдиргендей, 2016-жылы полиомиелит, тырышма, кутурма, кызылча оорулары катталган жок. Кургак учук, сальмонеллёз, менингит, эхинококкоз жана вакцина менен башкарылуучу инфекциялар боюнча ооруга чалдыгуулары төмөндөтүлдү.
Былтыркы жылдын ноябрында Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан безгек оорусу жок өлкө катары таанылганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.