super.kg logo

Бишкекте элдик дарыгердин небереси бейтаптын өлүмүнө шектелип кармалды

 

Бишкекте элдик дарыгердин небереси адамдын өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-март күнү Кара-Балта шаарынын тургуну 42 жаштагы И.Т. аттуу күйөөсүн аракечтиктен арылтуу үчүн Учкун жаңы конушундагы элдик дарыгерге алып барган. 2-март күнү И.Т. кетем деп чыр чыгаргандыктан элдик дарыгердин небереси сабап салган. Жабырлануучу катуу соккудан улам 3-март күнү каза болуп калган.

"Жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган А.Э. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган элдик дарыгерге эч кандай лицензия берилбегенин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.04.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Муштумотерапия го ичкиликке каршы дарыгер эмес эле
27.04.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тоа эркектерге тан калам, Эрк деп озуле айтып турат эрктуу болгулачы жаман жолго жа ичкиликти тыя албай атсанар НАН сууу алып барып мечиттен чыкпай койгула жамаат мн намаз окуп молдолор мн суйлошуп дегендей эрте кечке 2-3кун болгула онолуп журогунор жумшап калат
27.04.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш бербей койсо керек.анан оздору деле ал арак ичкен адамдан тажагандар кичине уруп коркутуп кой деген анан бул катуурак уруп алса керекда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: