ЖЫЛНААМА, 27-АПРЕЛЬ: 139 жыл мурун тажик жазуучусу Садриддин Айни төрөлгөн

Мындан 139 жыл мурун, 1878-жылы 27-апрелде тажик жазуучусу, коомдук ишмер жана окумуштуу Садриддин Айни Сактари айылында (Өзбекстандын азыркы Бухара облусунун Гуждуван району) төрөлгөн. Чыныгы аты-жөнү Садриддин Саид-Муродзода. Бухарадагы медреседен билим алып, ал мезгилдин төбөлдөрү менен жакшы мамиледе болгон. Бухарага советтик бийликтин орношуна чоң салым кошкон. Садриддин Айни биринчи болуп "Тажик адабиятынын үлгүлөрү" аттуу тажик улутунун оозеки чыгармачылыгынын жыйнагын түзгөн. 1951-жылдан тарта Тажик ССРинин Илимдер академиясынын 1-президенти болуп шайланат. 1950-жылдан баштап СССРдин Жогорку Советинин 3-4-чакырылышынын депутаты болгон. Садриддин Айни Самарканд мамлекеттик университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ал айрым чыгармаларын өзбек тилинде да жазуу менен, эки элдин адабиятына салымын кошо алган. "Одина", "Кулдар", "Эскерүүлөр" аттуу чыгармалардын автору. Ленин орденинин 3 жолку жана Кызыл Туу орденинин ээси. Тажик ССРинин Эмгек сиңирген ишмери, Өзбек Илимдер академиясынын ардактуу академиги, Тажик Республикасынын Баатыры. Анын сүрөтү 5 сомониде (Тажикстандын улуттук валютасы) түшүрүлгөн. Садриддин Айни 1954-жылы 29-декабрда каза тапкан.
27-апрелге карата жылнаама.



