Бишкекте жол кырсыгынан 1 аял каза болду
Бүгүн, 8-майда Бишкек шаарынын Л.Толстой жана Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаа жогорку ылдамдыкта баратып жолдун жөө жүрүүчүлөр өтүүчү бөлүгүнөн пенсионер айымды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден эле каза болгон. Учурда болуп өткөн окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.